Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 412 миң 145тен ашты.

1583733
Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү
Venezuela süper.jpg
Arjantin süper aşı
İspanya süper.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 412 миң 145тен ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 109 миллион 413 миңден ашты, ал эми айыгып кеткендердин саны 81 миллион 506 миңден ашты.

Эпидемиянын чордону болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 497 миң 174 адам каза болуп, жуктуруп алгандардын саны 28 миллион 261 миң 470тен ашты. АКШда бир саламаттык сактоо компаниясы жарыялаган отчетто, өлкөнүн бардык жерлериндеги ооруканалар медициналык шаймандар менен камсыз кыла албай тургандыгы жарыяланган.

Эпидемиянын айынан акыркы 24 саатта Бразилияда 713 адам, Мексикада 436, Аргентинада 48, Колумбияда 180, Перуда 212, Чилиде 98 жана Боливияда 47 адам коронавирустан көз жумган. Бул маалыматтар менен Ковид-19дан адамдардын өлүмү Бразилияда 239 миң 294, Мексикада 174 миң 207, Аргентинада 50 миң 236, Колумбияда 57 миң 605, Перуда 43 миң 703, Чилиде 19 миң 541 жана Боливияда 11 миң 202 деп катталды.

Англияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 258 адам каза болуп, 10 миң 972 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 117 миң 166, ал эми ооруну жуктургандардын саны 4 миллион 38 миң 78 болду.

Италияда акыркы 24 саатта 221 адам каза болуп, эпидемиядан улам каза болгондордун саны 93 миң 577ге жетти. Вирусту жуктургандардын саны 11 миң 68ге көбөйүп, 2 миллион 721 миң 879га жетти.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 167 адам каза болуп, адамдардын өлүмү 81 миң 814тү түзгөн. Бир күндө 16 миң 546 жаңы учур катталса, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 465 миң 163кө жетти.

Ковид-19дан 8 миң 211 өлүм жана 433 миң 487 учур катталган Австрияда ички иштер министри Карл Нехаммер, Тиролдо таасирдүү болгон мутацияланган вирус түрлөрүнүн себебинен Германиянын бул аймактан өлкөгө киргендерге саякатка тыюу салуу ишке ашыруусунун «таптакыр кабыл алынгыс» экендигин билдирди.



Тектеш кабарлар