Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 2,5 миллионго чукулдап баратат

Жуктуруп алгандардын саны 109 миллион 171 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 81 миллион 215 миңден ашты.

1583308
Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 2,5 миллионго чукулдап баратат
covid aşı sinovac.jpg
SPR covid ESP.jpg
covid SPR ölüm.jpg
ispanya covid 2.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 2 миллион 406 миң 714 адамдан ашты. Жуктуруп алгандардын саны 109 миллион 171 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 81 миллион 215 миңден ашты.

Эпидемиянын чордону болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 496 миң 65 болду. Өлкөдөгү илдетке чалдыккандардын саны 28 миллион 198 миңден ашты.

Бразилияда вирустан каза болгондордун саны 238 миң 647ге, ал эми жуктургандардын саны 9 миллион 811 миңге көбөйдү.

Мексикада Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 173 миң 771ге, ал эми вирус жуктургандардын саны 1 млн 988ге жеткен.

Англияда вирустун айынан каза болгондордун саны 116 миң 908, ал эми жуктургандардын саны 4 миллион 27 миң болду. Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок, вакциналар жана дарылоо ыкмалары менен жылдын аягына чейин коронавирустун жаңы түрү эпидемиядан чыгып, сасык тумоонун вирусу сыяктуу «чогуу жашай турган» ооруга айланышы мүмкүн деп билдирди.

Италияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 93 миң 356га жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 710 миңге жетти.

Францияда Ковид-19дан улам акыркы адам өлүмү көрсөткүчү 81 миң 647 болгон. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 448 миңге чейин көбөйгөн.

Испанияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 64 миң 747ге жетти. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 56 миңге чейин көбөйгөн.

Германияда эпидемиялык жоготуу 65 миң 415ке, ал эми вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 336 миңге чейин көбөйдү.

Эпидемиянын айынан 8 миң 195 адам каза болгон Австралияда коронавирустун жаңы түрүнүн учурлары көбөйүшүнөн улам 5 күндүк коменданттык саат башталды.

Аргентинада акыркы 24 саатта 159 кишинин өлүмү менен, Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 50 миң 188ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 6 миң 57ге көбөүшү менен 2 миллион 21 миң 553кө жетти.

Колумбияда акыркы сутка ичинде 229 адам каза болуп, каза болгондордун жалпы саны 57 миң 425ке жетти. Акыркы сутка ичинде 4 миң 947 учур аныкталган өлкөдө, ооруну жуктургандардын саны 2 миллион 190 миң 116 болду.

Перуда акыркы сутка ичинде 236 адам каза болуп, 3 миң 142 жаңы учур катталды. Өлкөдө вирустун айынан адам өлүмү 43 миң 491ге, ал эми оорунун саны 1 миллион 227 миң 205ке чейин жогорулады. Саламаттык сактоо министри Пилар Маззетти, экс-президент Мартин Визкарра өлкөгө Ковид-19 вакцинасы келгенге чейин эмделгени аныкталгандан кийин кызматтан кетти.

Чилиде акыркы 24 саатта 98 адам каза болгондон кийин, Ковид-19дан улам адам өлүмү 19 миң 443кө жетти. Өлкөдө ооруга чалдыккандырдан саны 3 миң 920га көбөйүп, 772 миң 395ке чейин жетти.

Боливияда акыркы сутка ичинде 48 адам каза болуп, 938 жаңы учур катталды.Вирустун айынан адам өлүмү 11 миң 155ке, вирусту жуктуруп алгандардын саны 236 миң 36га жетти.

Ковид-19дан улам жоготуу Польшада 40 миң 807, Украинада 24 миң 330, Бельгияда 21 миң 634, Канадада 21 миң 228, Румынияда 19 миң 366, Чехияда 18 миң 143, Португалияда 15 миң 183, Нидерландияда 14 миң 793,  Австрияда 8 миң 211 болду.

Эпидемияда 25 адам каза болуп, 2 миң 330 учур катталган Жаңы Зеландияда премьер-министр Хасинда Ардерн коменданттык сааттын чектөөлөрүн өлкөдөгү эң ири шаар Оклендде үч жаңы учур көрүлгөндөн кийин кайра киргизди. Үч күндүк чектөөлөр учурунда бардыгы үйдө отурушу керек.

Индияда эпидемиянын кесепетинен адам өлүмү 155 миң 673кө, ал эми ооруга чалдыкандардын саны 10 миллион 904 миңге чейин көбөйгөн.

Орусияда эпидемиянын айынан адамдардын өлүмү бир күндө 430га көбөйүп, 80 миң 126 болду. Ушул эле мезгилде өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 14 миң 185ке көбөйүп, 4 миллион 71 миңге жетти.

Эпидемиянын кесепетинен 58 миң 945 адам каза болгон жана 1 миллион 518 миң 200 жуктурган учурдан ашкан Иранда саламаттык сактоо министри Саид Немеки, коронавирустун жаңы түрүнүн мутацияланган варианты дээрлик бүткүл өлкөгө жайылгандыгын айтып, жарандарды чараларды сактоого катуу талап кылууга үндөдү.

Тунистин Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, акыркы сутка ичинде Ковид-19дан дагы 47 адам көз жумду, 1 миң 49 жаңы учур аныкталды. Билдирүүдө ушул кезге чейин эпидемиядан каза болгондордун саны 7 миң 508ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 222 миң 504кө чейин көбөйгөнү белгиленди.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө эпидемиядан 46 адам каза болуп, 906 жаңы учур аныкталды. Буга ылайык, өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 3 миң 961ге, ал эми оорулардын саны 336 миң 992ге чейин жогорулады.

Коронавирустук чаралардын жаңы түрлөрүнүн алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) толук коменданттык саат 22-февралга чейин узартылды. Саламаттык сактоо министри Али Пилли өлкөдө акыркы бир сутка ичинде 4 миң 337 тест жасалганын, анын 21и жергиликтүү болгон, 30 оң Ковид-19 учуру болгонун жарыялады. Пиллинин белгилешинче, оорулардын саны 3 миң 37ге жеткен, 737 адам дагы деле болсо дарыланып, 13 бейтап реанимацияда.

Эпидемияда адамдардын өлүмү 6 миң 849, ал эми оорулардын саны 413 миң 154 болгон Японияда BioNTech-Pfizer коронавирус вакцинасын колдонууга расмий уруксат берилди. BioNTech-Pfizer вакцинасы Ковид-19га каршы күрөшүүнүн алкагында Японияда колдонууга уруксат берилген биринчи вакцина болду.

Сауд Аравиясы коронавирустук чаралардын алкагында 3-февралда киргизилген чектөөлөрдү узартууну чечти жана анын мөөнөтү ушул кечтен тарта дагы 20 күнгө узартылат. Өлкөдө Ковид-19дан адамдардын өлүмү 6 миң 428ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 372 миң 410го чейин көбөйгөн.

Кытайда акыркы 24 сааттын ичинде 7 жаңы Ковид-19 учуру табылып, алардын бардыгы чет өлкөдөн келген, жалпы 89 миң 763 учурга жетти. Бүгүнкү күнгө чейин 4 миң 636 адам каза болгон өлкөдө коронавируска байланыштуу жаңы адам өмүрү кыйылган жок.

Газада коронавирустун жаңы түрлөрүнүн саны азайгандан кийин, вирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында мамлекеттик мекемелердеги жарым-жартылай иш-аракеттер кайрадан жанданды.



Тектеш кабарлар