Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1576413
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
Arnavutluk_Covid_aşılama devam ediyor.jpg
super covid19 ispanya olumler anma.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 263 миң 870тен ашты. Вируска чалдыккандардын саны 104 миллион 434 миңден, ал эми айыккандардын саны 76 миллион 323 миңден ашты.

Пандемиянын чордону АКШда вирустан каза тапкандардын саны 457 миң 856га, жуктургандардын саны болсо 27 миллион 27 миңге жетти.

Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 449 өлүм жана 16 миң 840 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 108 миң 13, ал эми ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 852 миң 623тү түздү. Алгач Британияда байкалган коронавирустун тезирээк жайылган жана өлүмгө алып келүүчү жаңы түрүнүн "кооптондуруучу түрдө" мутацияга учураганы билдирилди. "E484K" аттуу мутация, дүйнөдө кооптонууну жараткан Түштүк Африка жана Бразилия мутацияларында байкалган өзгөрүүнүн окшошун камтууда.

Италияда пандемиядан улам акыркы 24 сааттын ичинде 499 адамдын каза болушу менен жалпы сан 89 миң 344кө жетти. Вирусту жуктурган адамдардын саны болсо 9 миң 660ка көбөйүп 2 млн 570 миң 608ге жогорулады.

Францияда Ковид-19дун айынан көз жумгандын саны 77 миң 238ге жетти. Бир күндө 23 миң 337 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 3 миллион 224 миң 798ди түздү. Франциянын Илимий комитети өлкөдө коронавируска каршы иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасын колдонууга уруксат берди, бирок аны 65 жаштан жогору адамдарга колдонууну сунуш кылган жок. Президент Эммануэль Макрон, француздар Европанын берки өлкөлөрүндөй эле жайдын аягына чейин эмделе алат деп билдирди. Макрондун айтымында, карылар үйүндө жашагандардын 80 пайызы март айынын башына чейин эмделет.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир суткада 724 кишинин каза болушу менен жалпы сан 59 миң 805ке жогорулады. Ошол эле мезгилде 29 миң 64 жаңы учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 822 миң 805ке жетти. Өкмөт Ковид-19дун мутацияга учураган жана тездик менен жайылган түрүнө каршы Бразилияга жана Түштүк Африка Республикасына учууларга эки жумалык чектөө киргизилерин жарыялады.

Португалияда акыркы 24 саатта вирустун айынан көз жумгандардын саны 260ка көбөйүп жалпы 13 миң 17ге,  5 миң 540 жаңы учур менен бирге ооруга чалдыккандарды саны 731 миң 861ге жетти. Эпидемия күч алган өлкөдө эркин жүрүүнү чектөө, башталгыч мектептерден тышкаркы мектептердин бардыгын жабуу, шаарларда дем алыш күндөрү саякаттоого тыюу салуу, түнкүсүн коменданттык саат, барлардын, ресторандардын жана жумуш убактысынын кыскартылышы боюнча чаралар көрүлүүдө. Португалия өкмөтү айрыкча 10-февралга чейин чек араларын жапкан болчу.

Адамдардын өлүмү 59 миң 386га, жуктургандардын саны 2 миллион 239 миң 943кө жеткен Германияда канцлер Ангела Меркель коомчулуктан Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө сабырдуу болушун суранды.

14 миң 108 адам көз жумуп, 985 миң 224 адамда вирус аныкталган Нидерландияда премьер-министри Марк Рютте алар белгисиз баскычта экендигин жана үчүнчү толкун сөзсүз болоорун белгилеп, 15-декабрда күчүнө кирген катаалдаштырылган Ковид-19 чараларынын 2-мартка чейин узартылганын билдирди.

Канада Новавакс компаниясы менен өлкөдө Ковид-19 вакцинасын чыгаруу үчүн макулдашты. Премьер-министр Жастин Трюдо: «Вакцина өндүрүү үчүн бизде мүмкүн болушунча ички потенциал керек. Ошондуктан биз вакцинаны иштеп чыгууга жана үй шартында өндүрүшкө инвестиция салабыз»,- деди.

Түштүк Африкада пайда болгон коронавирустун мутацияланган тез жайылуучу түрү Данияда 5 адамдан табылды.

Ковид-19дан улам каза тапкандардын саны Бразилияда 226 миң 309, Мексикада 159 миң 533, Колумбияда 54 миң 576, Аргентинада 48 миң 426, Перуда 41 миң 354, Польшада 37 миң 476, Украинада 23 миң 89, Чилиде 18 миң 559, Румынияда 18 миң 513, Чехияда 16 миң 683, Эквадордо 14 миң 915, Боливияда 10 миң 513, Гватемалада 5 миң 709га жетти.



Тектеш кабарлар