Дүйнөдөгү өлкөлөр калкты эмдегичекти Ковид-19 улам мутацияга учурап жатат...

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 231 миң 285тен ашты.

1574614
Дүйнөдөгү өлкөлөр калкты эмдегичекти Ковид-19 улам мутацияга учурап жатат...
SPR covid ESP.jpg
covid india.jpg
Edi Rama_covid aşısı_sağlık çalışanları_4.jpg
covid SPR ölüm.jpg
covid test.jpg
covid -19.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 231 миң 285тен ашты. Вирус менен ооругандардын саны 103 миллион 222 миң, ал эми айыгып чыккандардын саны 74 миллион 883 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 450 миң 390 болду. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 26 миллион 656 миң деп катталды. АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) өкүлү Жон Кирби Коронавирустун жаңы түрүнө каршы эмдөө планы Кубанын Гуантанамодогу убактылуу кармоочу жайында жаткандарга токтотулганын жарыялады.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 223 миң 971ге жетти. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 9 миллион 176 миңге чейин көбөйгөн.

Мексикада эпидемиядан улам каза болгондордун саны 158 миң 74кө, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 857 миңге чейин көбөйгөн.

Англияда вирустун айынан каза болгондордун саны 105 миң 571, ал эми жуктургандардын саны 3 миллион 796 миң болду. Британдык Англикан чиркөөсүнүн архиепискобу Жастин Уэлби Европа Биримдигин (ЕБ) «христианчылыктын социалдык доктринасынан шыктанган» коронавирус вакцинасынын жаңы түрүн экспорттоону көзөмөлдөө менен ушул баалуулуктарды бузду деп айыптады.

Италияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 88 миң 279 адамга чейин көбөйдү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 541 миңге жетти.

Францияда вирустан каза болгондордун саны 75 миң 862, ал эми жуктургандардын саны 3 миллион 177 миң болду.

Испанияда Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 58 миң 319 болду. Өлкөдө жуктурган учурлардын саны 2 миллион 830 миңге чейин көбөйгөн.

Германияда эпидемиялык жоготуу 57 миң 531ге, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 218 миңге чейин жогорулады.

Колумбияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 53 миң 650гө көтөрүлдү. Өлкөдө жуктурган учурлардын саны 2 миллион 86 миңди түзгөн. Колумбияда вирустун тезирээк тараган мутацияланган түрү табылган.

Айрым башка өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондордун саны төмөнкүдөй:

Аргентина 47 миң 931, Перу 40 миң 857, Польша 37 миң 180, Украина 22 миң 707, Бельгия 21 миң 66, Чехия 16 миң 308.

Украинанын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Виктор Ляшко Сovid-19 вакциналарынын глобалдык жеткиликтүүлүк программасынын (COVAX) алкагында февраль айында 117 миң Pfizer вакцинасы сатылып алынаарын билдирди.

Австралияда вирустун айынан 909 адам каза болуп, 28 миң 809 Ковид-19 учуру аныкталды. Австралияда Жаңы Зеландиялыктарды өлкөгө келгенде коронавирустун жаңы түрүнө карата милдеттүү түрдө 14 күнгө карантининге кирүүдөн бошоткон саякат келишими кайрадан күчүнө кирди.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 154 миң 313кө жетти. Өлкөдө вирус жуктурган оорулардын саны дагы көбөйүп, 10 миллион 747 миңге жетти.

Иранда вирустун айынан каза болгон адамдардын саны акыркы суткада 70ке көбөйүп, 57 миң 959га жетти. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны ошол эле мезгилде 6 миң 268ге көбөйүп, 1 миллион 417 миң 999га жетти. Саламаттыкты сактоо министри Саид Немеки эпидемиянын 4-толкунунан кооптонуп жатышканын билдирип, жарандарды ден-соолук эрежелерин сактоого чакырды. Улуттук коронавирус менен күрөшүү кеңешинин басма сөз катчысы Али Рыза Реиси да Европадан келген жүргүнчүлөргө карата колдонулуучу Ковид-19 сынагынан кийин, терс жыйынтыктар чыкса дагы, эки жумалык милдеттүү карантиндик чечим кабыл алынганын жарыялады.

Россияда эпидемиядан улам адамдардын өлүмү бир күндө 485ке жогорулап 73 миң 182 адамды түздү. Ушул эле мезгилде өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 18 миң 359га көбөйүп, 3 миллион 850 миңге жетти.

Эпидемиянын айынан 4 миң 636 адам каза болгон Кытайда, жуктурган учурлардын саны бир күндө 92ге көбөйүп, 89 миң 522ге жетти. Өлкөгө барган Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) эксперттери вирус чыккан Ухань шаарындагы Хуанандын эт жана балык базарына барышты.

Жапонияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 5546га жетти. Өлкөдө вирус менен ооругандардын саны 383 миң 83кө көбөйгөн. Японияда вируска каршы 11 штатта колдонулган өзгөчө кырдаал  бир айга узартылаары маалым болду. Өкмөттүн февраль айынын аягында өзгөчө өсүш тенденциясы азайган Точигидеги өзгөчө кырдаалды алып салаары, ал эми Айси жана Гифуда жетиштүү кыскаруу максатына жетүүсүн күтөөрү айтылды.

Эпидемиянын айынан Израилде 4 миң 768 адам каза болду. Израилдин администрациясы саламаттыкты сактоо кызматкерлерин эмдөө үчүн Палестинага коронавирустун жаңы түрүн 5000 доза вакцинанын  жөнөтө тургандыгын жарыялады.

Ковид-19 эпидемиясынын себебинен Түштүк Африкада 43 миң 951, Индонезияда 29 миң 998, Иракта 13 миң 47, Пакистанда 11 миң 657, Филиппинде 10 миң 749, Бангладеште 8 миң 127, Сауд Арабияда 6 миң 372, Иорданияда 4 миң 304, Грузияда 3 миң 178, Азербайжанда 3 миң 126, Ливанда 3 миң 31 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар