Испанияда жарылуу болду

Жарылуунун себеби азырынча белгисиз.

1567722
Испанияда жарылуу болду

 

Испаниянын борбору Мадрид шаарынын борборунда бир имаратта катуу жарылуу болду.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө (Түркия убактысы боюнча саат 17:00) Мадриддин борборундагы Пуерто де Толедо мааласында бир имаратта жарылуу болду. Соцтармактарда орун алган кабарларга караганда жарылуунун таасири менен имараттын үстүңкү кабатында чоң чыгым болду. 

2 кишинин каза болгондугу билдирилген окуяда көргөн күбөлөр көп сандаган жаралуунун бар экендигин айтышты. 

Жарылуу болгон имараттын алдында жолго токтотулган унаалардын чоң бөлүгү чыгымга учурап, жарандык коргоо, өрт өчүргүч жана саламаттык сактоо топторунун аймакты коопсуздук коридоруна алгандыгы билдирилди. 

Имараттын жанында бир картаңдар үйүнүн, мектептин жана чиркөөнүн бар экендиги белгиленди. Жергиликтүү басма сөздө жарылуунун себеи газдын чыгышы менен болушу мүмкүн экендиги айтылууда. 

 

 

 



Тектеш кабарлар