Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны  1 миллион 864 170 болду.

1557621
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

 Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны  1 миллион 864 170 болду. Бейтап саны 86 миллион 264 000, айыккандардын саны 61 миллион 206 000ден жогорулады.

Индияда 24 саатта вирустан каза болгондордун саны 201 кишиге көбөйүп жалпы каза болгондордун саны 149 886 болду. Өлкөдө ошол эле убакыттын ичинде 16 357 жаңы учур катталды.Бул сан  акыркы алты айдын эң төмөнкү күнүмдүк саны катары катталды. Индияда вирус жугузгандардын саны жаңы бейтаптар менен бирге 10 миллион 357 569га жетти.

Россияда эпидемиядан каза болгондордун саны бир күндө  518ге көбөйүп, жалпы саны 59 506га жогорулады. Өлкөдө ошол эле убакытта  бейтап саны 24 246га өсүп жалпы бейтап саны 3 миллион 284кө жетти. 

Тажикстанда Ковид  - 19дан 90 киши каза болуп, 271  бейтап катталган. 24 сааттын ичинде каза болгондор болгон жок.

2 628  киши каза болуп, 229 763 бейтап болгон Грузияда бир бейтапта коронавирустун Британияда чыккан мутацияга учураган жана ылдам жайылган түрүнө кездешилди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында  коронавируска карата көрүлгөн чаралардын кээ бирлеринин мөөнөтү  узартылды. Ушул боюнча жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дөн кийин кафе, ресторан, чач тарач, сулуулук борборлору, спорт залдары сыяктуу иш жерлеринин иштеринин токтотулушуна байланыштуу чыгарылган чечимдер улантылат. Массаж салондору, бар жана ушуга окшогон көңүл ачуу жерлер 10 -  январга чейин жабык болот.

Жалпы Африка материгиинде вирустан улам ушул кезге чейин 68030 киши каза болду. Жалпы материкте бейтап саны да  2 миллион 867 78ге чыкты. Материкте Ковид  - 19 эң көп болгон Түштүк Африка Республикасында вирустан каза болгондордун саны 30 миң 11, бейтап саны  1 миллион 113 349 болуп катталды.

Египетте Ковид  - 19дан 7 863 киши каза болгон болсо 143 464 бейтап бар. Ковид  - 19дан улам 4 дарыгер дагы каза болду. Эпидемияда каза болгон дарыгер саны 276ге жогорулады.

Вирустан 1512 киши каза болуп, 192 139 киши вирус жугузган Ливанда бейтаптардын санындагы өсүүдөн улам бейшемби күндөн тарта жарым – жартылай коменданттык саатты киргизүү чечими чыгарылды. Коменданттык сааттын жергиликтүү убакыт боюнча саат 18 :00- 05:00 сааттарын камтый тургандыгы белгиленди.

Эпидемияда 3 599 киши каза болуп, 243 847 бейтап белгиленген Японияда премьер  - министр Суга Йошихиде Ковид  - 19 бейтаптарынын санында өсүү болгон борбор шаар Токио жана айланасындагы 3 аймакта бейшембиден тарта өзгөчө  кырдаалдын киргизилери билдирилди. Сумонун чемпиону «Ёкозуна»  наамына ээ  Хакухо Шоо Ковид  - 19 вирус жуктурду.

Ковид  - 19 эпидемиясы ортого чыккан күндөн тарта  өлкөдө эч бир бейтаптын болбогондугун айткан Түндүк Корея Глобалдык вакцина жана  иммунизация союздаштыгынан вакцина талап кылды.

Түштүк Кореяда 24 саатта 26 киши Ковид  - 19дан каза болду жана вирустан каза болгондордун жалпы саны 1007ге жетти. Өлкөдө ошол эле убакытта 715 жаңы учур катталды. Бейтап саны 64 979 болду.

Кытайда акыркы 24 саатта 33 жаңы учур аныкталып, вируска байланыштуу өлүм  - житим болгон жок. Пекинге коңшу Хэбэй провинциясынын айрым калктуу конуштарында ортого чыккан бейтаптардан улам көрүлгөн чаралар күчөтүлдү. Шаардын айрым жерлери «жогорку коркунуч аймагы» деп жарыяланды. Бир тараптан шаарда белгилерди көрсөтпөгөн 30 кошумча бейтаптын чыкканы жарыяланды. Кытай башкаруусу Ковид  - 19  тести позитив чыккан бирок белгилерин көрсөтпөгөн кишилерди жалпы бейтап санына кошпой жатат. Ковид  - 19 ортого чыккан Кытайда ушул күнгө чейин 87 183 бейтап катталып, 4 634 киши каза болду.

Индонезияда Ковид  - 19дан 22 911 киши каза болсо, 772 103 бейтаптын бар экендиги аныкталды. Өлкөдө Ковид  - 19га каршы эмдөө процессинин 14 -  январда башталары билдирилди. Биринчи эмдөөнү мамлекет башчысы Жоко Видодо 13 -  январда алат.

 



Тектеш кабарлар