Германиянын президенти : "Абал абдан олуттуу"

Германиянын президенти Франк - Вальтер Штайнмайер өлкөсүндө жаңы тип коронавирус эпидемиясынын көзөмөлдөн чыгуу коркунучунун бар экендигин эскертип, абалдын абдан олуттуу экендигин айтты.

1545265
Германиянын президенти : "Абал абдан олуттуу"

Германиянын президенти Франк - Вальтер Штайнмайер өлкөсүндө жаңы тип коронавирус эпидемиясынын көзөмөлдөн чыгуу коркунучунун бар экендигин  эскертип, абалдын абдан олуттуу экендигин айтты.

Жуманын акырында федералдык өкмөт жана аймак башкаруулары чыгарган жана шаршемби күнүнөн тарта жабуу чечимине колдоо берген Франк-Вальтер Штайнмайер : «Бир жумада миңдеген киши каза болду. Кошумча чектөөлөрсүз  болбойт. Ушул кезге чейинки аракеттер жыйынтык берген жок. Дагы чечкиндүү кадамдарды таштообуз керек. Шаршемби күндөн тарта керек болсо коомдук жана жеке жашообузда Федералдык Республика тарыхындагы эң күчтүү чектөөлөр менен бетме  - бет келебиз»,- деди".

24 - декабрда башталган Рождествону белгилеген Штайнмайер : «Майрамды кийинчерээк да майрамдасак болот. Досторубузду, туугандарыбызды кийинчерээк белек менен кубанта алабыз. Азыркы учурда эң негизгиси ден соолугубузду коргоо жана өмүрдү куткаруу»,- деди.

Эс алуу мезгилинде байланышты азайтуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген Штайнмайер, реанимациядагы бейтаптардын саны тездик менен көбөйүп баратканына көңүл буруп, эпидемиянын саламаттыкты сактоо системасын кыйрата турган деңгээлге жетүүсүнө жол берилбеши керектигин белгиледи.

Штайнмайер жарандардын эпидемияга каршы күрөштөгү ролунун маанилүүлүгүн белгилеп : «Ар бир адам өзүнө жана айланасындагыларга коргонуу үчүн дагы эмне кылсам болот деген суроону өзү бериши керек»,- деди.  

Максаттын жаңы бейтап санын болушунча ылдам түшүрүү жана эң төмөнкү деңгээлге алып келүү экендигин белгилеген Германиянын президенти : «Алдыбыздагы күндөр баарыбыз үчүн бир сынак»,- деди.

Штайнмайер ошондой эле Германияда биринчи эмдөөгө уруксаттын ушул жылдын ичинде чыгарын, эмдөөлөрдүн эмки жылдын башында башталышы мүмкүн экендигин да белгиледи.

Германиянын бул кризисти ашып өтөрүнө ишенгендигин баса белгилеген президент : «Ийгиликтүү болууга мажбурбуз. Муну аткарабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар