АКШнын учак конуучу кемесине Жакынкы Чыгышка кайра кайтуу буйругу берилди

Индия деңиз флоту менен Малабар машыгуусуна катышуу үчүн булуңдан кеткен АКШнын "USS Nimitz" учак конуучу кемесине аймакка кайтуу буйругу берилди.

1535903

АКШ деңиз флотунан азырынча бул тууралуу расмий маалымат берилген жок бирок Американын СНН телекөрсөтүүсүнө маалымат берген коргоо боюнча бир жооптуу "USS Nimitz" кемесинин коштоосундагы аскердик кемелер менен Жакынкы Чыгышка кайткандыгын айтты.

Атынын билдирилишин каалабаган жооптуу Ирак менен Афганистандагы Америка аскерлеринин саны 15 -  январдан тарта 2500гө түшүрүлөрүн эске салып, кеменин аймактагы Америка бөлүктөрүнө колдоо берерин белгиледи. Жооптуунун кеменин кайра кайтуу буйругун Иран атомдук программасынын негизги ысымдарынан Мухсин Фахризаденин өлтүрүлүшүнөн мурда берилгендигин айтышы менен көңүлдөрдү бурду.

Иран атомдук программасынын негизги ысымдарынан Фахризаде кечээ Тегеран аймагына караштуу Абседерд районунда унаасына жасалган кол салууда каза болду.

Израилдин премьер  - министри Нетаньяху 2018 -  жылы апрель айында Ирандын атомдук программасы тууралуу докладында Иран атомдук программасынын куруучусу катары таанылган Фахризаденин атын өзгөч белгилеген.

Тектеш кабарлар