Афганистан камакка алыган кээ бир пакистандыктарды бошотот

Эркин бошотула турган кишилер тууралуу сан, камалуу себеби жана кылмыш түрү сыяктуу маалыматтар бөлүшүлгөн жок.

1533395
Афганистан камакка алыган кээ бир пакистандыктарды бошотот

Афганистандын президенти Эшреф Гани   Пакистан менен жакшы ниет жана достук карым  - катнаштарын күчтөндүрүү максатында өлкөдөгү абактарда жаткан кээ бир пакистандыктарды эркин койо берүү чечимин чыгарды. Бул чечим боюнча бир айга чейин абак жазасы калган жана акчалай жазасын төлөбөгөндүктөн абакта жаткан кээ бир пакистандыктар бошотулат.

Эркин бошотула турган кишилер тууралуу сан, камалуу себеби жана кылмыш түрү сыяктуу маалыматтар бөлүшүлгөн жок.

Пакистандын Афганистан атайын өкүлү Мухаммед Садык твиттерден берген маалыматында чыгарылган чечимге ыраазы экендигин белгилеп : «Пакистан достук карым  - катнаштарын күчтөндүрүү максатында Афганистанда камоодогу пакистандыктарды эркин койо берүү чечими менен көрсөткөн жакшы ниеттен улам Президент Эшреф Ганиге ыракмат айтты»,- деди.

Чечим Пакистандын премьер  - министри Имран Хандын өткөн жумада Афганистандын борбор шаары Кабулга жасаган бир күндүк сапарынан кийин чыкты.

 



Тектеш кабарлар