Японияда үй таштандылары учак үчүн күйүүчү май болот

Үй таштандылары 2022 - жылы Japan Airlines авиакомпаниясына күйүүчү май болууда.

1523541
Японияда үй таштандылары учак үчүн күйүүчү май болот

Үй таштандылары 2022 - жылы Japan Airlines авиакомпаниясына күйүүчү май болууда.

Киодо агенттигинин жаңылыктарына ылайык, Japan Airlines парник газдарынын бөлүнүшүн азайтуу үчүн 2022 - жылдан тарта учактарындагы үй таштандыларынан конверсияланган биоотун пайдаланууну максат кылууда.

Жапон аба жолдору 2022 - жылдын апрелинен баштап, буга чейин тажрыйба жүргүзүп келген биоотунду колдонууну иретке келтирүүгө жана 2050 - жылга чейин "таза нөлдүк көмүр кычкыл газынын чыгарылышына" жетишүүгө көңүл бурууда.

Буга ылайык, 2018-жылы жасалган 8,6 миллион долларлык инвестициянын алкагында компания Сан-Францискодогу АКШ менен Японияны байланыштырган линиядагы учакка май куюуну пландаштырууда.

Киодо маалымдагандай, Жапониянын ири авиакомпанияларынын бири All Nippon Airways (ANA) дагы 2023 - жылга чейин биоотунду колдоно баштайт.



Тектеш кабарлар