Иранда жүргүнчү учагы аргасыз конду

Учактагы жүргүнчүлөрдүн саламаттыгынын жакшы экени билдирилди.

1491879
Иранда жүргүнчү учагы аргасыз конду

Ирандагы Тегеран - Керманшах каттамын аткаруу үчүн учкан Meraj Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы техникалык бузуктуктан улам аргасыз конгон.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, борбор шаар Тегерандан Керманшахка учкан жүргүнчү учагы учкандан  бир аз убакыттан кийин гидротехникалык системаларында техникалык бузуктук чыкты.

Meraj Airlines авиакомпаниясына таандык "Airbus 320" үлгүсүндөгү бул жүргүнчү ташуучу учак Мехрабад аэропортуна аргасыз конгон.

Учактагы жүргүнчүлөрдүн саламаттыгынын жакшы экени билдирилди.

 



Тектеш кабарлар