Лавров - Вужич сүйлөшүүсү

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров  Сербиянын Израилдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечиминен кийин президент Александр Вужич менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1486152
Лавров  - Вужич сүйлөшүүсү

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров  Сербиянын Израилдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечиминен кийин президент Александр Вужич менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Лавровдун Вужич менен сүйлөшүүсүндө Косова маселесин карап чыгышкандары белгиленди. Маалыматта : «Косова маселесине БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1244 номердеги чечиминин негизинде туруктуу жана бекем чечүүчү жолдун табылышы тууралуу Россиянын позициясынын өзгөрбөгөндүгү баса белгиленди»,- деп билдирилди.

Маалыматта "Стратегиялык өнөктөштүк" мамилелери дагы талкууланганы билдирилип : «Вужич өткөн жумада АКШнын борбор шаары Вашингтондогу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары жана Бельгиянын  борбор шаары Брюсселде боло турган сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар