ДСУ: «Дары табылбай калышы мүмкүн»

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору, Тедрос Адханом Гебрейесус билдирүү жасады.

1466431
ДСУ: «Дары табылбай калышы мүмкүн»

Бириккен Улуттар Уюмунун чегинде ишин улантып жаткан Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору, Тедрос Адханом Гебрейесус билдирүү жасады. Гебрейесус дүйнө жүзү боюнча 18 миллиондон ашык вирус жуккан учур болгон Ковид-19 жөнүндө, «Аны жок кыла турган дары табылбай калышы мүмкүн», - деди.

Виртуалдык маалымат жыйынында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирүү жасады. Гебрейесус:  «Ковид-19 үчүн бардыгын жок кылган күмүш ок жок болушу мүмкүн. Калыбына келүүгө кайтып келүү узак убакытка созулушу мүмкүн»,-деди.

Гебрейесус, беткап кийип, социалдык аралыкка көңүл буруп, колду дайыма жууп туруу жана тесттен өтүү өтө маанилүү экенин айтып: «Учурда көптөгөн вакциналар үчүнчү клиникалык сыноону жүргүзүп жатышат. Бул вакциналар адамдардын ооруп калышына жол бербейт деп үмүттөнөбүз. Бирок учурда баарын жок кылган күмүш вакцина жок. Бул дагы бир топ убакытка созулушу мүмкүн»,-деди .

Ошондой эле Гебрейесус энелерге чакырык салды ...

Гебрейесус: "Ковид-19 менен ооруган энелер балдарын эмчек эмизиши керек. Анткени эмчек эмизүүнүн пайдасы жугуштуу оорудан жогору турат »,-деди.



Тектеш кабарлар