АКШ жана француз аскерлери ЙПГ/ПКК террористтерин машыктырууну улантууда

Америка жана француз аскери бул айдын ичинде  Сириянын Хасеке жана Дейрузор облустарында ЙПГ/ПККнын 200 террористин 3 жолу машыктырды.

1463928
АКШ жана француз аскерлери ЙПГ/ПКК террористтерин машыктырууну улантууда

Сирияда ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюм басып алган аймактардагы Америка жана француз аскерлери уюмду  машыктырууну улантууда.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда ондогон Америка жана француз аскери бул айдын ичинде  Сириянын Хасеке жана Дейрузор облустарында ЙПГ/ПККнын 200 террористин 3 жолу машыктырды.

Теориялык жана практикалык машыгуулардын алгачкы экөөсү айдын башында Хасекенин Абдүлазиз тоосунда өткөрүлгөн, ал эми акыркы машыгуу 24 -  июлда  Дейризордогу Өмер мунай аянтында өткөрүлдү.

9 күнгө созулган машыгууларда учкучсуз аба аппараттары белгилеген жерлерди кургактыктан колго алуу, артиллериялык атуу, абадан кол салуу жана базаларга карата кол салууларга тоскоол болуу методдору террористтерге иш жүзүндө үйрөтүлдү.

Француз аскерлеринин жол башчылыгындагы артиллериялык машыгууда өрттөнгөн же колдонулбай турган унааларды атылды.

Учурда Америка Кошмо Штаттарынын колдоосу астында Сирияда активдүү иштеген француз аскерлери YPG / PKK террористтерин артиллериялык атуу боюнча машыктырууда.  

2019 -  жылы октябрь айында «Тынчтык булагы» операциясынын башталышы менен АКШ армиясы Сириянын түндүк батышына чегинип Хасеке, Ракка жана Дейрузор облустарындагы мунай аянттарына токтолушкан.

ЙПГ/ПККга колдоо көрсөткөн АКШ күчтөрү 11 база жана аскердик пунктта чогулду.

Француздар болсо учурда Дейрузор, Хасеке жана Ракка облустарында 4 аскердик пунктта турушат.

Жайгашышкан аскердик пункттардын баарын АКШ аскерлери менен бирге колдонгон француздар АКШ армиясы менен ЙПГ/ПККнын коргоосу астында кыймыл кылууда.

Франциянын террордук уюм ЙПГ/ПКК басып алган аймактарда 200гө жакын аскери бар.

Сириядагы француз аскрелери «атайын күчтөр» менен «коалиция күчтөрүнүн ичинде кызмат кылган аскерлер» катары эки түрдүү бөлүктөн турат.



Тектеш кабарлар