Чыгыш өлкөлөрү экинчи толкундун босогосунда...

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза тапкандардын саны 511 миңден ашты.

1446685
Чыгыш өлкөлөрү экинчи толкундун босогосунда...
süper covid19.jpg
super covid19 abd
super covid19

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19/Covid-19) улам каза тапкандардын саны 511 миңден ашты. Жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 520 миңге, айыгып кеткендердин саны 5 миллион 735 миңге жетти.

Азербайжанда каза болгондордун саны 7ге көбөйүп 213кө жетти, акыркы 24 саатта 556 адамда Ковид-19 табылып, жалпы инфекцияга чалдыккандардын саны 17,552ге чейин көбөйгөн.

Украинада 2-толкундун чыгышына байланыштуу тынчсыздануу пайда болду. Президент Владимир Зеленский ооруканалардагы керебеттердин саны азайып бараткандыгын белгилеп, "ушул ылдамдык менен кетсе экинчи толкунга даярдык жасалышы керек. Саламаттыкты сактоо системасы баарына даяр болушу керек" деди. Премьер-министр Денис Шмигал Ковид-19 эпидемиясынын көбөйүшүнө байланыштуу кээ бир шаарларда коомдук унаалар кайрадан токтотулуп, 31-июлга чейин карантин катуулашы мүмкүн экендигин айтты. 159 адам каза болгон өлкөдө, жуктуруп алгандардын саны 44,334.

Акыркы 24 саат ичинде эпидемиядан каза тапкандардын саны 5ке көбөйүп 392ге жеткен Беларуссияда, 328 вирустун табылышы менен бирге жуктуруп алгандардын саны 62 миң 118ге чейин көбөйгөн.

Молдовада акыркы 24 саатта каза болгондордун саны  9га көбөйүп 545ке жетти, 256 вирусту жуктуруп алгандар катталып жалпы жуктурган учур 16 миң 653кө жеткен. Молдованын Гагауз автономдук аймагында жуктурган учур саны 9га көбөйүп 233кө жетти. Алардын 189у медициналык кызматкерлер, 55и балдар жана 28си кош бойлуу болгону айтылды.

52 адам каза болгон Тажикстанда акыркы 24 саатта Ковид-19 учурларынын саны 54 адамга көбөйүп, 5 954кө жеткен.

Акыркы 24 саатта бир адам каза болуп, жалпы 25 адам каза тапкан Өзбекстанда Ковид-19 учурунун саны акыркы 24 саатта 53 адамга көбөйүп, 8 миң 385ке жетти.



Тектеш кабарлар