Малайзияда аракандыктар камоого алынды

Жээк коопсуздук топтору кемеден деңизге секирген 53 качкын менен кемедеги 216 качкын камоого алды.

1432517
Малайзияда аракандыктар камоого алынды

Мьянмадагы этникалык бөлүүчүлүк жана зомбулуктан качып Малайзияга мыйзам тышы жолдор менен кирген 269 аракандык качкын камоого алынды.

Малайзия жээк коопсуздук бөлүктөрүнөн берилген маалыматта түнкү сааттарда өлкөнүн батыш жээгиндеги Лангкави аралына барган, ичинде качкындар болгон кеме токтотулду.

Жээк коопсуздук топтору кемеден деңизге секирген 53 качкын менен кемедеги 216 качкын камоого алды. Качкындардын аракандык экендиги жана кайра кайтарылары билдирилди.

Малайзия 17 -  апрелде деңиз долу аркылуу өлкөгө кирүүгө аракет кылган 200 аракандык качкынды жаңы тип коронавирус коркунучунан улам кайра кайтарган.



Тектеш кабарлар