Пакистанда 45 миллион жылдык фосил табылды

Пакистанда 45 миллион жашта экени болжолдолгон жана алдыдагы бир тишинен улам «кылыч тиштүү анчоус» деп аталган балык фосили табылды.

1428786
Пакистанда 45 миллион жылдык фосил табылды

Пакистанда 45 миллион жашта экени болжолдолгон жана алдыдагы бир тишинен улам «кылыч тиштүү анчоус» деп аталган балык фосили табылды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда океанга 700 километр алыстыктагы Дера Гази Хан шаарынын жакындарындагы Ракхи дарыясынын тегерегинде жүргүзүлгөн иликтөөдө табылган фосилге Түштүк Азия мифологиясында жез кемпирге окшогон элестүү жан болгон  «Чурел» деген ат коюлду.

Мичиган университетинин эколгия жана дүйнө илимдери департаментинин изилдөөчүсү Алессио Каробианконун жетекчилигиндеги группа даярдаган эмгекке караганда фосилдин андан мурда Бельгияда да табылган кылыч тиштүү анчоус фоисл менен бир түрдөн экени билдирилди.

Эмгекте Пакистанда табылган анчоус фосилинин бир метр узундукта экендиги жана болжол менен 45 миллион жашта экени белгиленип, фосилге «бир кылычтуу чурел» деген маанини билдирген байыркы грекче жана урдужа сөздөрдөн турган "Monosmilus Chureloides" деген ат берилди.



Тектеш кабарлар