БУУнун Коопсуздук Кеңешинен Израилге чакыруу салынды

Франция, Германия, Бельгия жана Эстония менен мурунку мүчөлөрүнөн Польша Израилди Батыш Шерианы аннексия планынан баш тартууга чакырды.

1420815
БУУнун Коопсуздук Кеңешинен Израилге чакыруу салынды

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү батыштык 4 өлкө Франция, Германия, Бельгия жана Эстония менен мурунку мүчөлөрүнөн Польша Израилди Батыш Шерианы аннексия планынан баш тартууга чакырды.

Бул беш өлкө биргелешкен билдирүү жарыялап, Израиль менен Палестина маселесине адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жол табуу үчүн маанилүү сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоого колдоо берүүгө даяр экендери билдирилди.

«Изриаль менен Палестинанын ортосунда бир келишим түзүлмөйүнчө 1967 -  жылдагы чек аранын тышындагы эч бир өзгөрүүнү кабыл албайбыз»,- деп билдирилген маалыматта Израилге бир тараптуу кадам жана Батыш Шерианы аннексия планынан баш тартууга чакыруу жасалды.

Ошол эле учурда Израиль телекөрсөтүүсү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров израилдик кесиптеши  Габи Ашкеназиге Тель Авив башкаруусу басып алган Батыш Шериадагы кээ бир аймактарды аннексия кылуу планына каршы экендерин айтканын маалымдады.



Тектеш кабарлар