Ооганстанда Гани менен Абдуллах макулдашты

Келишимге караганда Абдуллах Абдуллах, Ооганстан Улуттук жогорку макулдашуу кеңешинин төрагалыгын жүргүзөт жана кабинеттин жарымын белгилейт.

1419042
Ооганстанда Гани менен Абдуллах макулдашты

Ооганстандын Президенттик сарайынан берилген билдирүүдө, президент Ашраф Гани менен Абдуллах Абдуллахтын ортосунда келишимге кол коюлганы белгиленди.

Келишимге караганда Абдуллах Абдуллах, Ооганстан Улуттук жогорку макулдашуу кеңешинин төрагалыгын жүргүзөт жана кабинеттин жарымын белгилейт.

Келишимдин алкагында президент Гани тарабынан мурдагы вице-президент Рашид Достумга маршал наамы ыйгарылды.

Ооганстан Улуттук жогорку макулдашуу кеңешинин төрагалыгын милдеттенген Абдуллах, жаңы кызматы менен Талибан жана Ооганстан өкмөтүнүн ортосунда жасалышы пландалган тынчтык сүйлөшүүлөрү процессин жүргүзөт.

Ооганстанда 2019-жылы 20-апрелде өтүшү пландалган президенттик шайлоо 2 жолу кийинкиге жылдырылып 2019-жылы 28-сентябрда өткөн. 14  талапкер ат салышкан шайлоодон кийин каршы чыгуулардын себебинен 19-октябрда жарыялана турган так эмес жыйынтыктар 22-декабрда жарыяланган болчу.

 Ооганстандын шайлоо комиссиясы Ганинин президент болуп шайланганын жарылаган, бирок Абдуллах болсо өзү жеңип чыкканын айтып чыккан.

Бир атаптан Түркия Ооганстанда саясий макулдашуу камсыздалышынын ыраазычылык менен кабыл алынганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, «Ооганстанда 2019-жылдын 28-сентябрында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарынын жарыяланышы менен башталган саясий кризистин,тараптардын бүгүн кеңири платформалуу жана камтуучу өкмөт түзүү жагдайында макулдашууларынын соңуна чыгышы ыраазычылык менен кабыл алынды»,делди.



Тектеш кабарлар