АКШ жаңы фрегаттарды алат

Пентагондун Америка деңиз флотун реструктуризациялоо жөнүндө даярдаган отчетунда учак ташуучу кемелердин санын арттыруу керектиги сунуш кылынган.

1408859
АКШ жаңы фрегаттарды алат

 1980 – жылдардан баштап фрегаттары деңиз флотунун инвентарынан чыгарылган АКШ кичине деңиздердеги иштерин арттыруу жана деңиз флотунун жөндөмдүүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жаңыдан фрегат чыгарат. Деңиз флотунан берилген маалыматта Маринетте Марне фирмасы менен «жетектелген ракета фрегаттарынын» долбоорлонуп курулушу үчүн келишимдин түзүлгөндүгү билдирилди.

Биринчи этапта 10 фрегаттын чыгарылары билдирилип : «Ракеталык фрегаттар аба согуштары, суу астындагы кемелер, деңиз жана электрондук согуштар сыяктуу көп функциялуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болот»,- деп маалымдалды. Бул фрегаттардын өзгөчө күчтөндүрүлгөн абадан байкоо радары жана Aegis согуштук системалары менен жабдылары билдирилген маалыматта алуу пландарынын 2017 -  жылы башталгандыгы белгиленди.

Өткөн жумада массалык маалымат каражаттарына билдирилген жана Пентагондун Америка деңиз флотун реструктуризациялоо жөнүндө даярдаган отчетунда учак ташуучу кемелердин санын арттыруу керектиги сунуш кылынган.

Коргоо министри Марк Эспер көп убакыттан бери учак ташуучу кемелерди Америка деңиз флотунун негизги омурткасы болуудан чыгарып ордуна арзанга келе турган кемелерди деңиз флотунун негизги күчү кылууну максат кылышкандарын айткан.



Тектеш кабарлар