Батыш өлкөлөрүн тушап алган коронавирус...

Италияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 175 кишиге көбөйүп 1441ге, вирус жуктурган киши саны 21157ге жетти.

1378337
Батыш өлкөлөрүн тушап алган коронавирус...

Кытайдын Ухань шаарында декбарь айында пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) Европада жайылуусу уландууда.

Италияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 175 кишиге көбөйүп 1441ге, вирус жуктурган киши саны 21157ге жетти. Айыгып чыккандардын саны 527 кишиге көбөйүп 1966га жетти.

Францияда болсо жугуштуу оорудан каза тапкандардын саны 91ге, жуктуруп алгандардын саны 4500гө жетти.

Кафе, ресторан, бар, кинотеатр жана түнкү клубдар менен азык-түлүк дүкөнү, банк жана дарыканалардан тышкаркы бардык соода дүкөндөрүнүн кечээ түндөн тарта жабылуусуна чечим чыгарылды.

Испаниянын борбор шаары Мадридде да дарыкана жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн тышкаркы бардык дүкөндөр жабылып, элге көчөгө чыкпоо чакырыгы салынды. Пасха майрамы убагындагы диний жүрүш аземдери жоюлду.

Англияда Ковид-19дун себебинен бир күндө 10 киши каза табышы менен бирге көз жумгандардын саны 21ге жетти. Өлкөдө Ковид-19 анализи коюлган бейтап саны 798 деп жарыяланса, адистер вирустун учурда 5-10 миң кишиге жукканын божомолдоп жатышат.

Бельгияда жуктургандардын саны 689га, каза тапкандардын саны 4кө жетсе, Нидерландияда каза тапкандардын саны 12ге, вирус аныкталгандардын саны 959га жеткени белгиленди.

Австрияда жуктургандардын саны 655, Чехияда 175, Польшада 93 болду. Польшада коронавирустан каза тапкандардын саны 2ге жетти.

Италиянын коңшуларынан Словенияда жуктургандардын саны акыркы 24 саатта 40ка көбөйүп 181 кишиге жетти.

Коронавирус жуккан киши саны Грецияда 228ге, Словакияда 44кө, Албанияда 38ге, Босния-Герцеговинада 21ге, Косовада 3кө жетти. Грецияда каза тапкандарын саны 3кө жогорулады.

АКШда болсо коронавирустун себебинен каза болгондордун саны 58ге жетти, жуктургандардын саны 2700дөн ашты.

АКШнын президенти Дональд Трампка жасалган коронавирус анализи негатив болуп чыкты.

Европадан АКШга барган бардык саякаттар токтотулган тыюу салынгандардын тизмесине Англия жана Ирландия дагы кошулду.

Ковид-19дан 3 киши каза таап, вирус жуккан киши саны 250дөн ашкан Австралияда болсо премьер-министр Скотт Моррисон, жугуштуу оорунун жайылуусуна бөгөт болуу максаты менен өлкөгө кире турган ар кимдин өзүн 14 күн карантинге алуусу шартын койгондорун жарыялады.



Тектеш кабарлар