Сауд Арабиянын чалгындоо кызматынын мурунку кызматкери Канадага качты

Сауд Арабиялык  жогорку мартабалуу бир чалгындоо жетекчиси мураскер принц Мухаммед бин Селмандын кысымынан качып Канадага жайгашты.

1377005
Сауд Арабиянын чалгындоо кызматынын мурунку кызматкери Канадага качты

Сауд Арабиялык  жогорку мартабалуу бир чалгындоо жетекчиси мураскер принц Мухаммед бин Селмандын кысымынан качып Канадага жайгашты.

Борбору Британия болгон Middle East Eyeнин интернет сайтынын кабарына караганда саудиялык чалгындоо кызматкери Саад ал  - Жабри мураскер принц Мухаммед бин Селмандын өзүнө карата каршы  кыймыл кылуу тынчсыздануусу менен өлкөсүнөн качып Канадага жайгашты. Жабри бир убак Сауд Арабияда өткөн жумада камоого алынган, мурунку мураскер принц жана ички иштер министри Мухаммед бин Найифтин кеңешичилигин аткарган.

Кабарда булактар Жабринин Сауд Арабиядан качышынын себеби катары жакынкы убакта камоого алынган Бин Найифке болгон берилгендиги, ички иштер министрлигиндеги функциянынын иштешин билгендиги жана ээ болгон жеке мал  - мүлкү менен кысымга алынуу коркунучунун бар экендигин болжолдошууда.

Башка бир булак да мурунку чалгындоо кызматкери Жабринин Канадада да Мухаммед бин Селмандан коркутуучу билдирүүлөрдү алгандыгын жана Сауд Арабияга мажбурлоо менен алып келинеринен тынчсызданып жаткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар