Тунисте эл аралык жарандык авиация жана коргонуу жарманкеси кечээ ачылды

Жарманкеге 40 өлкө катышууда.

1372554
Тунисте  эл аралык жарандык авиация жана коргонуу жарманкеси кечээ ачылды

Тунистин Жебре аралында Түркия да болгон 40 өлкө катышкан Эл аралык жарандык авиация жана коргоо жарманкеси кечээ ачылды.

Президент Кайс Саид жарманкенин ачылышында сөз сүйлөп, авиация өнөр жайында өкөсүнүн маанилүү бир жолду басып өтүшү керектигин белгиледи. Саид : «Эгерде бул учактардын бөлүкчөлөрүн чыгара алсак бардык кризистерди ашып өтөбүз жана учак өндүрүүчүсү өлкөлөрдүн бирөөсү болобуз. Толугу менен Тунис чыгарган бир учактын да бул жерде болушун чын жүркөтөн каалаймын»,- деди.

Эл аралык жарандык авиациялык жана коргонуу жарманкесинин директору Ислам ел  -  Левати болсо : «Бул жарманке Тунисте биринчи жолу өткөрүлүүдө. 40 өлкө алардын ичинен АКШ, Түркия жана Сауд Арабия жарманкеге катышууда»,- деди.

50гө жакын аскердик учак менен бирге коргонуу өнөр жайы тармагында бир топ продукция таанытылган жарманке 8 -  мартка чейин ачык болот.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар