АКШда кичинекей учак кырсыкка учурады

Учактагы үч киши каза болду.

1354974
АКШда кичинекей учак кырсыкка учурады

АКШнын Луизиана аймагында кичинекей бир учак кырсыкка учурап үч киши каза болду. Жексон Пэриш шерифи Энди Браун басма сөзгө берген маалыматында Миссисипинин Жексон шаарынан учкан "Cessna" моделиндеги учактын Чатеманын түндүгүндө кырсыкка учурагандыгын билдирди. Учактагы үч кишинин каза болгондугун белгилеген Браун окуя тууралуу териштирүнүн баштатылгандыгын айтты. 



Тектеш кабарлар