Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Ливиянын президенти Кейс Саид менен жолугушту

Ле Дриан жолугушууда : «Эл аралык легитимдүүлүккө сый көрсөтүү менен Ливияда ырааттуулукту түзүү Тунис менен орток максатыбыз»,- деди.

1338289
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Ливиянын президенти Кейс Саид менен жолугушту

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Ливиядагы кризистин чечилишинин диалог жана коңшу өлкөлөр катыша турган саясий бир процесс менен мүмкүн экендигин айтты.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Туниске барган Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан борбор шаардагы Карфаген сарайында президент Кейс Саид тарабынан кабыл алынды.

Ле Дриан жолугушуудан кийин массалык маалымат каражаттарына берген маалыматында президент Саидге мурунку күнү Бельгиянын борбор шаары Брюсселде европалык жана египеттик жетекчилер менен Ливия сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат бергендигин айтты.

Жолугушууда Ливиядагы араздашуунун аймакта пайда кылган коркунучту да карап чыгышкандарын белгилеген Ле Дриан : «Эл аралык легитимдүүлүккө сый көрсөтүү менен Ливияда ырааттуулукту түзүү Тунис менен орток максатыбыз»,- деди.

Тунис сыяктуу Франциянын да Ливия маселеси сүйлөшүлө турган Берлин конференциясында эл аралык бир келишимдин түзүлүшү үчүн БУУнун аракеттерин колдогондугун айткан Ле Дриан Ливиядагы кризистен чыгуу үчүн өлкөдөгү бардык тараптар катыша турган ички диалог жана араларында Тунис да болгон коңшу өлкөлөр катыша турган саясий процесстен өткөндүгүн айтты.



Тектеш кабарлар