«Каммури» тайфуну Филиппин аралдарын шыпырып баратат

Баш калаа Маниланын түштүгүнө карай жылып баратка бороондон каза тапкандардын саны 17 кишиге жетти.

1317117
«Каммури» тайфуну Филиппин аралдарын шыпырып баратат

Филиппинде жуманын башынан бери таасирдүү болуп жаткан «Каммури» тайфуну себеп болгон сел жана катуу шамалдан каза тапкандардын саны 17 кишиге жетти.

Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, бүгүн баш калаа Маниланын түштүгүнө карай жылып бараткан бороон-чапкын көп сандаган үйгө зыян келтирди.

Өзгөчө кырдаалдар агенттиги, тайфундун себебинен каза тапкандардын саны 17 кишиге жеткендигин билдирди.

Бороондон таасирленген Бикол жана Лусон аралдарындагы айыл чарба иштеринин да кеминде 15,7 миллион долларлык чыгымга учурагандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар