ПКК уюму карапайым тургундарды бутага алууда
ЙПГ/ПККлык террористтер отурукташуу жерлерине кол салышты.
1288730
Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын Сирияда «Евфрат калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймактагы отурукташуу жерлерине карай кол салуусунан 6 жаран каза болуп, 15 жаран жаракат алды.
Өлкөнүн түндүгүндөгү Манбиж районун басып алган террордук уюм ЙПГ/ПКК, аскердик оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Жераблус районуна караштуу айрым айылдарды бутага алды.
Террордук кол салууларда 6 жаран каза болуп, 15 жаран жаракат алды. Азез районунда да ПККлык террористтердин кол салуусунан 2 тургун жараланды.