British Airways акчалай жазага тартылды

British Airways'дин интернет барагы жана чөнтөк телефону тиркемесине сентябрь айында компьютер каракчылары тарабынан чабуул коюлган соң миңдеген кардардын өздүк маалыматтары уурдалды.

1232392
British Airways акчалай жазага тартылды

Англиянын авиация боюнча дөө-шаасы British Airways, өткөн жылы компьютер каракчылары жүз миңдеген жүргүнчүсүнүн банк маалыматтарын уурдашынын себебинен 183 миллион стерлин акчалай жазага тартылды.

British Airways'дин интернет барагы жана чөнтөк телефону тиркемесине сентябрь айында компьютер каракчылары тарабынан чабуул коюлган соң миңдеген кардардын өздүк маалыматтары уурдалды.

Жарым миллион кардары жапа чеккен Англиянын аба жолу фирмасы миллиондогон стерлининен ажырады.

Англиянын Информация комиссиясы болсо бул абалды кечирген жок.

«Мыйзамда ачык белгиленген; эгерде өздүк маалыматтарга ээ болгон болсоңуз буларды коргоого милдеттүүсүз»,-деди.

Тиркемелердеги коопсуздук кемчиликтеринин себебинен British Airways фирмасына 183 миллион стерлин, мындайча айтканда 1 миллион 314 миң лиралык акчалай жазага тартылды.

British Airways менеджери Алекс Круз, абалга дароо чара көрүлгөнүн айтса дагы жазаны токтото алган жок.

Эми фирма жазага каршы чыгууга даярданууда.



Тектеш кабарлар