Футболчуларды ташыган яхта оодарылып кетти

Окуяда кеминде 30 киши каза болду.

1204199
Футболчуларды ташыган яхта оодарылып кетти

Уганданын батышындагы «Альберт» дарыясында футболчуларды ташыган яхтанын оодарылып кетишинен кеминде 30 киши каза тапты.

Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда, окуяда көп сандаган киши да дайынсыз жоголду.

Бусерука аймагынын жооптуу кызматкери  Годфри Комакеч, яхтанын ашыкча жүргүнчү ташыгандыгы үчүн оодарылып кеткендигин белгиледи.

Комакеч: «Издөө-куткаруу иштеринде 10 адам куткарылды. Куткарылгандар дарыланып жатышат»,-деди.

Яхтада жалпы канча киши болгондугу тууралуу маалымат берилген жок.

«Альберт» дарыясында 2016-жылы болгон яхта кырсыгында да 40тан ашуун киши сууга чөгүп кеткен болчу.



Тектеш кабарлар