Греция алып жатса, Түркия дагы С-400 системаларын сатып ала алат

Москвада тегерек үстөл жыйыны өткөрүлдү.

1180461
Греция алып жатса, Түркия дагы С-400 системаларын сатып ала алат

Орусиядагы КМШ өлкөлөрүнүн институтунун жетекчиси Владимир Евсеев, С-400 абадан коргонуу системаларынын Американын Патриот системаларынан жогору турганын жактап: «Эгерде Греция алып жатса, Түркия да С-400 системаларын сатып ала алат»,-деди.

Орусиянын баш калаасы Москвада өткөрүлгөн «Түркия-Орусия карым-катнаштары жана аймактык коопсуздук: Эрдогандын Москвага сапары» аттуу тегерек үстөл жыйынында, президент Режеп Таййип Эрдогандын Москвага жасаган сапары талкууланды.

КМШ өлкөлөрүнүн институтунун жетекчиси Владимир Евсеев С-400 абадан коргонуу системаларынын Американын Патриот системаларынан жогору турганына басым жасап: «С-400дөр бутаны аныктоо аралыгы жана радио-электрондук чөйрөдө иш алып барууда Патриоттордон алдыда»,-деп айтты.

НАТО мүчөсү Грециянын Орусиядан С-300дөрдү сатып алаганын эске салган Евсеев: «Эгерде Греция алып жатса Түркия да эмнеге сатып албасын? Түркия да С-400 системасын сатып ала алат. Түркия курал сатып алуу темасында АКШга көз каранды болгусу келбейт»,-деди.

Владимир Евсеев, Түркиянын коргонуу тармагында келечекке карай кадамдарды таштап жатканын белгилеп: «Түркия брондолгон унаа жана ракета системасын иштеп чыгууга аракет кылууда. Орусия менен Түркия аскердик коргонуу жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыра алат»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар