Катуу шамал менен селдин кесепети

Каза тапкандардын саны миңден ашышы мүмкүн.

1166157
Катуу шамал менен селдин кесепети

Мозамбиктин президенти Филипе Ньюси, катуу шамал жана селдин айынан каза тапкандардын санынын миңден ашышы мүмкүн экенин белгиледи.

Ньюси радиодо жарыялаган билдирүүсүндө, каза тапкандардын санынын расмий түрдө 84 деп берилгенин бирок бул сандын миңден ашышы мүмкүн экенин айтты.

Катуу шамал жана селден таасирленген айрым аймактарга барган Ньюси, суунун үстүнө калкып калган жансыз денелерди көргөнүн белгиледи.

Апааттан эң көп жээк шаары Бейранын 90 пайызы жабыр тартты.

БУУнун көрсөткүчтөрүнө караганда Мозамбик, Малави жана Зимбабведе тропикалык куюндан таасирленгендердин саны 1,5 миллион кишиге жетти.



Тектеш кабарлар