АКШдан Гуайдого колдоо

АКШ Венесуэлада өзүн мамлекет башчысы деп жарыялаган Хуан Гуайдо жол башчылыгындагы демократиялык өткөөлдү  күчтүү түрдө колдогондугун жарыялады.

1158583
АКШдан Гуайдого колдоо

АКШ Венесуэлада өзүн мамлекет башчысы деп жарыялаган Хуан Гуайдо жол башчылыгындагы демократиялык өткөөлдү  күчтүү түрдө колдогондугун жарыялады.

Ак үйдөн берилген маалыматта : «АКШ Венесуэлада Хуан Гуайдо жол башчылыгындагы демократиялык өткөөлдү жана парламентти күчтүү түрдө колдойт. Ошол эле учурда бул өткөөлдү колдоо үчүн жаңы дипломатиялык жана экономикалык демилгелерди изденүүдө»,- деп билдирилди.

Мамлекет башчысы Николас Мадуро менен кызматташкан башка өлкөлөргө болсо санкция салынары баса белгиленген маалыматта : «Мадуронун элдин байлыгын уурдоосуна жол бербейбиз»,- деп билдирилди.

Трамп улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон да социалдык медиа эсеби твиттер аркылуу Гуайдону жактаган маалыматтарды бөлүшүүнү улантууда.

Болтон акыркы болуп Гуайдонун президент Мадурого каршы ишемби күнү өткөрүүнү каалаган митингди колдогондугун билдирди.



Тектеш кабарлар