Мексикада сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды

Бир жума мурда да жашыруун көрүстөндөрдө 19 кишинин сөөгү чыгарылган болчу.

1144325
Мексикада сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды

Мексиканын батышындагы Колима аймагында сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды.

Колима прокурордугунун билдирүүсүндө, Текоман облусуна караштуу Санта-Роза районундагы талаада жашыруун көрүстөндөрдө 50 кишинин сөөгүнүн табылгандыгы маалымдалды.

Сөөктөрдү тактоо иштеринин жүрүп жатканы белгиленди.

Ушул эле аймакта бир жума мурда да жашыруун көрүстөндөрдө 19 кишинин сөөгү чыгарылган болчу.

Мексиканын улуттук статистика институтунун көрсөткүчтөрүнө караганда Колима 2017-жылы өлкөдө кылмыштуулук боюнча биринчи турган аймак болгон.



Тектеш кабарлар