Януковичке 13 жыл абак жазасы берилди

Прокурорлук мурунку президент Януковичтин 15 жыл абак жазасына тартылышын талап кылган.

1133298
Януковичке  13 жыл абак жазасы берилди

Украинанын мурунку президенти Виктор Янукович «мамлекетке кыянаттык кылуу кылмышынан» 13 жыл абак жазасына тартылды. Киев Оболон аймактык сотунда Янукович тууралуу мамлекетке кыянаттык кылмышы тууралуу өткөн сотто чыгарылган чечим билдирилди.

Чечим боюнча мурунку президентке «мамлекетке кыянаттык» жана «Украинага карата кол салууларга жардам берүү» кылмышынан 13 жыл абак жазасына тартылды.

Украинанын борбор шаары Киевде 2013 – 2014 -  жылдагы митингдер боюнча мезгилдин президенти Янукович Орусияга качкан.

Янукович мамлекетке кыянаттык менен Украинанын мамлекеттик чектеринин өзгөртүлүшүнө карата кыймылдарга жана Украинага карата кол салууларга жардам берүү кылмышы менен 2017 -  жылы 4 -  майда соттоло баштаган.

Доонун башталышынан бери 89 сот болуп, чечим чыгаруудан мурда акыркы сөз үчүн көптөгөн жолу сотко чакырылган Янукович видео конференция жолу менен болсо да  катышууну четке каккан.

Прокурорлук мурунку президент Януковичтин 15 жыл абак жазасына тартылышын талап кылган.



Тектеш кабарлар