Антарктидада мөңгүлөрдүн эришинде чоң жоготуу

Түштүк жарым шар Антарктида континентинде мөңгүлөрдүн эрүү катнашынын 16 жылдык убакытта жылдык орточо 280 пайызга өскөндүгү билдирилди.

1126502
Антарктидада мөңгүлөрдүн эришинде чоң жоготуу

Түштүк жарым шар Антарктида континентинде мөңгүлөрдүн эрүү катнашынын 16 жылдык убакытта жылдык орточо 280 пайызга өскөндүгү билдирилди.

Калифорния жана Утрехт  университеттери менен АКШ авиация жана космостук мекемеси НАСА реактивдүү кыймыл лабораториясы жүргүзгөн иликтөө Антарктидада мөңгүлөрдөгү эрүү катнашынын 2001 – 2017 -  жылдардын ортосунда жылда орточо 280 пайыздык артуу көрсөткөндүгүн ортого салды.

Изилдөөдө 1979 – 2001 – жылдардын ортосунда жылда орточо 48 миллиард тонна мөңгү эриген Антарктидада бул жоготуунун 2001 – 2017 – жылдардын арасында жылда 134 миллион тоннага чыккандыгы белгиленди.

Жыйынтыктары "Proceedings of the National Academy of Sciences" журналында жарыяланган кенен машстабдуу изилдөөнүн алкагында илимпоздордун Антарктидада 176 аймак жана жакындагы аралдарды курчаган 18 жерди иликтегендиги белгиленди.

Илимпоздор Антарктидада мөңгүлөрдүн эрүү деңгээлиндеги бул өсүүнүн 1979 – 2017 -  жылдардын аралыгында глобалдык деңиз суу деңгээлинин бир жарым сантиметрге жакын жогорулашына себеп болгондугуна көңүлдөрдү бурду.

Изилдөө группасынын лидери Эрик Ригнот Антарктидада муз катмарынын эрүүнү улантышы менен келерки кылымдарда деңиз суусунун деңгээлинде дагы да артуунун болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар