Канададагы мөңгүлөрдүн 80 пайызы 50 жылдын ичинде ээрийт
Хик Альбертадагы Банфф улуттук паркынын бир бөлүгү болгон Роки тоолорундагы Пейто мөңгү массасынын 70 пайызынын ээригендигин билдирди.
Канадада жүргүзүлгөн бир изилдөө үч башка провинцияда мөңгүнүн маанилүү бир бөлүгүнүн 50 жылдын ичинде жок болорун ортого салды.
Альберт университетинин мугалимдеринен профессор Альберт Зак Робинсон жана British Columbia провинциясындагы Саймон Фрейзер институтунун экология боюнча адиси, профессор Дэвид Хик тарабынан Канада альпинисттик клубу тарабынан жүргүзүлгөн «Канада тоолорунун абалы» аттуу изилдөөгө караганда Альберта, Юкон жана British Columbia аймактарындагы мөңгүлөрдүн 80 пайызы 50 жылдын ичинде ээрийт.
Изилдөөгө караганда климаттык алмашуу менен бирге Альберта, British Columbia жана Юкондогу мөңгүлөрдүн күтүлгөндөн дагы ылдам ээриши, суу деңгээлинин жогорулашы жана чөлдөрдүн пайда болуу коркунучун да алып келүүдө.
Канада расмий кабар агенттиги Canadian Pressке маалымат берген Дэвид Хик үч провинцияны камтыган аймактын глобалдык ысынуунун эң ысык жерлеринен экендигин белгилеп, мөңгүлөрдөгү өзгөрүнүн чоңдугунун олуттуу көлөмгө жеткендигин белгиледи. Хик Альбертадагы Банфф улуттук паркынын бир бөлүгү болгон Роки тоолорундагы Пейто мөңгү массасынын 70 пайызынын ээригендигин билдирди.