АКШ Венесуэланы террорго колдоо берген өлкөлөр тизмесине алууга даярданып жатат

АКШ башкаруусу мындан мурда Венесуэланын мамлекет башчысы Никола Мадуронун жубайы жана жакын чөйрөсү да болгон көптөгөн кишиге санкция чечимин чыгарган.

1091344
АКШ Венесуэланы террорго колдоо берген өлкөлөр тизмесине алууга даярданып жатат

АКШнын Венесуэланы «террорго колдоо берген өлкөлөр» тизмесине алуу үчүн даярданып жаткандыгы ортого салынды.

Американын «Washington Post» гезитинде орун алган жана жогорку мартабалуу кээ бир жетекчилерге таянып берген кабарда Дональд Трамп башкаруусунун Венесуэланы «террорго колдоо берген өлкөлөр» тизмесине алуу тууралуу жазышуулардын жүргүзүлгөндүгү ортого салынды.

АКШнын ушул кезге чейин «террорго колдоо берген өлкөлөр» тизмесинде бир гана Иран, Түндүк Корея, Судан жана Сириянын орун алгандыгы эске салынган кабарда көрүлүп жаткан даярдыктар чечимге айлана турган болсо АКШ менен Венесуэланын ортосундагы араздашуунун дагы да күчөй тургандыгы белгиленди. Өзгөчө республикачылдардын узун убакыттан бери Венесуэланы «террорго колдоо берүү» менен күнөөлөгөндүгү белгиленген кабарда республикачылдардын негизги ысымдарынан Флорида сенатору Марко Рубио сыяктуу сенаторлордун бул темада катуу тургандыгы белгиленди.

АКШнын тышкы иштер министрлиги бул тууралуу маалымат бербестен Америка медиасына маалымат берген кээ бир жетекчилердин азырынча бул тууралуу бир чечим чыгарбагандыгын айтты.

АКШ башкаруусу мындан мурда Венесуэланын мамлекет башчысы Никола Мадуронун жубайы жана жакын чөйрөсү да болгон көптөгөн кишиге санкция чечимин чыгарган.



Тектеш кабарлар