АКШнын бир аскердик учагы Японияда кырсыкка учурады

Японияга караштуу Окинава аралында 47 миң аскери болгон  бир Америка аскердик базасы бар.

1086330
АКШнын бир аскердик учагы Японияда кырсыкка учурады

Япониянын Окинава шаарынын жакындарында Американын бир аскердик учагы кырсыкка учурады.

«Рональд Рейган» аттуу Америка учак конуучу кемесинен учкан Ф  - 18 моделиндеги аскердик учак Япониянын Окинава шаарынын жакындарында Филиппин деңизине түштү.

Американын деңиз күчтөрүнө караштуу 7 -  флоттон берилген маалыматта учактын күнүмдүк операцияларында техникалык жактан маселе чыккандыгы билдирилди.

Учактагы эки учкуч куткарылды. Өткөн айда да  учак конуучу кемеден учкан бир MH-60 моделиндеги учак кырсыкка учураган.

Японияга караштуу Окинава аралында 47 миң аскери болгон  бир Америка аскердик базасы бар.

 



Тектеш кабарлар