Орусияда Курман айт майрамы
Орусиядагы мусулмандар майрам намазын окуу үчүн өлкөнүн ар башка аймактарындагы мечиттерге барышты.
Орусияда жашаган мусулмандар майрам намазын Москва, Казан жана Кавказия аймактары болуу менен өлкөнүн түрдүү жерлериндеги мечиттерде окушту.
Борбор шаар Москвада жашаган мусулмандар чоң кызыгуу көрсөткөн Москва борбордук мечитине карай чыккан бардык көчөлөр намаз үчүн жабылып, миңдеген мусулман намазды мечиттер менен бирге муниципалитет тарабынан белгиленген атайын аянттарда окушту.
Орусиянын президенти В. Путин куттуктоосунда исламдын орус калкынын арасындагы оптимисттик жана жакшылыкты колдоону улантып жаткандыгын белгилеп, Орусиядагы бардык мусулмандарды Курман айты менен куттуктады.
Орусия федерациясына караштуу Татарстан республикасынын борбор шаары Казанда болсо Түркия дианет фондунун колдоосу менен 800 бодо мал курмандыкка чалынды.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.