Дональд Трамптын Кудс тууралуу чуулгандуу сөздөрү

Ошол эле учурда Трамп АКШны «бир тараптуу» жана «баш  - аламан» деп мүнөздөгөн Иран атомдук келишиминен чыгаргандыгын да эске салып : «Иран эми ал өлкө эмес»,- деди.

1019386
Дональд Трамптын Кудс тууралуу чуулгандуу сөздөрү

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Тель Авив элчилигинин Кудска көчүрүлүшү тууралуу чыр  - чатактуу сөздөрдү колдонду.

Кансаста Тышкы согуш ардагерлери улуттук конгрессинде сөз сүйлөгөн Трамп өзүн бул чечимден баш тарттыруу үчүн телефон чалган мамлекет башчылары менен билип туруп сүйлөшпөгөндүгүн айтты.

Трамп чечим такталгандан кийин телефон чалууларга жооп берип : «Бул тууралуу эмне ойлогондугуңузду билбейм бирок эми кеч»,- дегендигин айтты.

Трамптын бул сөздөрүнө социалдык медиадан каршы чыгуулар билдирилди. Ошол эле учурда Трамп АКШны «бир тараптуу» жана «баш  - аламан» деп мүнөздөгөн Иран атомдук келишиминен чыгаргандыгын да эске салып : «Иран эми ал өлкө эмес»,- деди.

Дональд Трамп : «Эмне болорун көрөбүз, бирок биз мурунку  башкаруу тарабынан түзүлгөн келишим эмес, чыныгы келишимди түзүүгө даярбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар