Египеттин Александрия шаарында сырдуу кара саркофаг табылды

Адистер азырынча саркофагдын ичин ача элек.

1011050
Египеттин Александрия шаарында сырдуу кара саркофаг табылды

 Египеттин түндүгүндө Александрия шаарындагы казуу иштеринде гранит мармардан жасалган кара саркофаг табылды.

Адистер азырынча саркофагдын ичин ача элек.

«Science Alert» журналынын билдиргенине караганда илимпоздор бул саркофагдын Александрияда ушул кезге чейин табылгандардын арасында эң чоңу экендигин айтышууда.  

185 сантиметр бийиктик, 165 сантиметрдик кеңдик жана 265 сантиметрдик узундуктагы саркофагдын биздин эрага чейинки 305 жана 30 – жылдарда өкүмдүк кылган Птоломей королдугу мезгилине таандык экендиги болжолдолууда.

Капкак жана тулку боюнун арасындагы гипс катмарынын болушу саркофагдын окшоштрунун терсине 2 миң жылдан ашуун убакыттан бери эч ачылбагандыгын көрсөтүүдө.

Египетте уурулар  кол тийгизбеген байыркы мазарлар абдан аз кездешет. Саркофагдын дароо эле жанында табигый таш же суу мармары деп билинген бир таштан жасалган бюст да табылды.

Бюсттун көмүлгөн кишиге таандык экендиги болжолдолууда.

Илимпоздор саркофагдын ичинде жогорку социалдык статуска ээ бир кишинин калдыктарынын бар экендигин ойлоп жатат.



Тектеш кабарлар