Катар китепканасында Түркия бөлүмү

Эки өлкөнүн улуттук китепканаларынын ортосунда келишим түзүлдү.

953737
Катар китепканасында Түркия бөлүмү

Түркиянын Улуттук китепканасы менен Катардын Улуттук китепканасынын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду.

Келишимге Улуттук китепканын жетекчиси Зүлфи Томан менен Катардын Улуттук китепканасынын аткаруу директору Сүхейр Вастави тарабынан кол коюлду.

Томан бул келишимдин тарыхый докмент жана булактардын алмашуусу менен катар китепкананын кызматкерлеринин окутулушу жана тажрыйбалардын бөлүшүлүүсүн камтыганын айтты.

Келишимдин алкагында айрыкча Катардын Улуттук китепканасында Түркиянын ар кайсы тармактарда таанытылышы үчүн бир бөлүмдүн ачыла турганын белгилеген Томан, бул жерде балдар адабияты, романдар жана чет өлкөлүктөргө түркчө үйрөтүүгө байланыштуу айрым китептердин да орун алаарын билдирди. Зүлфи Томан алгач 500 китеп боло турган бул бөлүмдө кийин бара-бара алардын саны көбөйө турганын айтты.



Тектеш кабарлар