Саддам Хүсейин жана Баастын жетекчилеринин мал - мүлкүн конфискациялоо

Селим ел   - Жубури Хүсейиндин үй  - бүлөсү менен мурунку Баас режиминин жетекчилеринин мал  - мүлкүн конфискациялоого байланыштуу чыгарган чечимди карап чыгууга чакырды.

928619
Саддам Хүсейин жана Баастын жетекчилеринин мал  - мүлкүн конфискациялоо

Ирак парламентинин спикери Селим ел   - Жубури өкмөттүн астындагы адилеттик жана айыптоо комиссиясынын кулатылган лидер Саддам Хүсейиндин үй  - бүлөсү менен мурунку Баас режиминин жетекчилеринин мал  - мүлкүн конфискациялоого байланыштуу чыгарган чечимди карап чыгууга чакырды.

Жубуринин адилеттик жана айыптоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушкандан кийин берген жазуу түрүндөгү маалыматында жыйында кыска убакыт мурда ысмы «мал  - мүлүкү конфискациялана тургандар» тизмесине кирген кишилер тууралуу сүйлөшүү болгондугун билдирген.

Маалыматта Жубуринин башкаруу, мыйзам чыгаруу жана элдин сунушу менен нааразычылыктарына көңүл буруу, ушуга жараша ысым тизмесин кайрадан карап чыгууга чакыргандыгы белгиленди.

Иракта өкмөттүн астындагы адилеттик жана айыптоо комиссиясы өткөн жумада Саддам үй  - бүлөсү менен мурунку Баас режиминин жетекчилеринин мал  - мүлкүн конфискациялоону талап кылган бул чечим үчүн 4 миң 257 кишинин аты жазылган тизме даярдаган болчу.



Тектеш кабарлар