Жаңы коркунучтуу эпидемия

Бул эпидемиядан көптөгөн адам жабыркашы мүмкүн.

925671
Жаңы коркунучтуу эпидемия

«Австралия сасык тумоосу» деп аталган жаңы эпидемиянын 300 миллион кишинин каза болушуна себепчи болушу мүмкүн экени айтылууда.

Глобалдык саламаттык сактоо кеңешинин жетекчиси Жонатан Квик, жаңы коркунучтуу эпидемиянын келе жатканын белгилеп, жаныбарлардан адамдарга жуккан вирустун дүйнөнүн жалпысында 33 миллион кишиге терс таасирин тийгизээрин айтты.

Вирус адамдын денесине киргенден 4 күн өткөн соң белгилери көрүнө турганын айткан Квик, оорунун байкатпастан күчөгөндүктөн өлтүрүүчү болушу мүмкүн экенине көңүл бурду.

Алдыбыздагы 200 күндүн вирустун жайылуу ылдамдыгында орчундуу экенин сөз кылган Квик, 2 жылдын ичинде 300 миллион кишинин өлүм менен бетме-бет келүү коркунучунда турганын билдирди.

Квик, оорудан коргонуу үчүн өзгөчө арзан жана иштетилген азыктардан алыс туруу керектигине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар