Польшанын премьер - министри Ливанда
Ливандын премьер - министри Саад Харири өлкөсүнө расмий сапар менен барган польшалык кесиптеши Матеушем Моравецкий менен жолугушту.
Ливандын премьер - министри Саад Харири өлкөсүнө расмий сапар менен барган польшалык кесиптеши Матеушем Моравецкий менен жолугушту. Ливан премьер - министрлигинен берилген маалыматка караганда Харири кечээ кечки сааттарда Ливанга барган Польшанын премьер - министри Моравецкий менен борбор шаар Бейруттагы өкмөт сарайында жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу карым - катнаштар менен бирге аймактык абалдардын да сөз болгондугу билдирилди.
Эки премьер - министрдин Ливан менен Польшанын ортосундагы экономикалык карым – катнаштар менен туризм иш чараларын өнүктүрүү тууралуу макулдашкандары боюнча маалымат бөлүшүлдү.
Бир тараптан Моравецкий Бейрутта 13 жыл мурда кол салууда өлтүрүлгөн Ливандын мурунку премьер - министри Рефик Хариринин мазарын да зыярат кылды. Польшанын премьер - министри Моравецкийдин эки күнгө созула турган расмий сапарынын негизинде мамлекет башчысы Мишел Авн, парламент спикери Небих Берри жана башка ливандык жетекчилер менен жолугушуусу күтүлүүдө.