Кырсыкка учураган орус учагынын изилдөө иштери улантылууда

600кишиен ашуун бир топ изилдөө иштерин улантууда.

909039
Кырсыкка учураган орус учагынын изилдөө иштери улантылууда

Орусиянын борбор шаары Москвадан Орскка баруу үчүн учкандан кыска убакыттан кийин ичиндеги 71 киши менен кырсыкка учуруган орус Ан  -  148 жүргүнчү учагынын урандылары түшкөн аймакта жасалган изилдөө – куткаруу иштеринде 200дөн ашуун сөөк табылды. Орусия чукул абалдар министрлигинен бир булак : «209  сөөк табылды. Изилдөө иштер улантылууда»,- деп билдирди.

Саратов аба жолдоруна караштуу учак кырсыкка учураган Аргуново айылынын жакындарындагы изилдөө иштеринде 600 кишиден ашуун бир топ иш алып барууда. Орусия чукул абалдар башкармалыгынан берилген жүргүнчү тизмесине караганда учакта бир Швейцария, бир Азербайжан жараны бар. Министрлик Москва областык администрациясынын башчысы Сергей Полетыкин учактын экинчи кара кутусунун да табылгандыгын жана иликтене баштагандыгын айтты.

Чукул абалдар министри Владимир Пучковдун жолдомосунун негизинде сөөктөрдүн табылышы үчүн урандылар жайылган кенен аймактын көрүнүшүн алуу максатында учкучсуз аба унаасы колдонулууда. Окуя болгон жерге барган Пучков катаал аба шарттары жараткан кыйынчылыктарга карабастан топтордун иштерин бир жуманын ичинде бүтүрөрүн ойлогондугун белгиледи. Учактын кырсыкка учуроо себеби болсо белгилене албады.

Ушул кезге чейин террор ыктымалынан сөз кылбаган жетекчилер себептердин арасында «ыңгайсыз аба шарттары, адам жана техникалык каталарды» көрсөтүүдө . Көргөн күбөлөр учактын жерге тигинен түшкөндөн мурда өрттөнгөндүгүн  айтышты. Муну менен бирге учактан жерге түшкөндөн мурда чукул абал чакыруусунун берилбегендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар