Мьянма кардиналы Чарльз Бо Аракандагы этникалык тазалыкты ырастады

Араканда 1970 -  жылдарда 2 миллионго жакын мусулмандын жашагандыгы болжолдолууда.

907770
Мьянма кардиналы Чарльз Бо Аракандагы этникалык тазалыкты ырастады

Мьянманын католик кардиналы Чарльз Бо рохинжалардын Аракан аймагынан качуусунда этникалык тазалоонун таасири чоң экендиги такталгандыгын айтты.

Адам соодасы тема болгон конференцияга катышуу үчүн Ватиканга барган Чарльз Бо Associated Press агенттиги менен өткөргөн маегинде Мьянма өкмөтүнүн рохинжаларды кайра алып келүү үчүн план түзгөндүгүн бирок бир тобунун кайтууну каалабагандыгын айтып, буга себеп катары коопсуздук тынчсыздануу, бөлүүчүлүк жана экономикалык шарттарды көрсөттү.

Кардинал Бо Мьянманын тышкы иштер министри жана мамлекет башчылыгынан жооптуу мамлекеттик министри Аунг Сан Су Чини да «армияга каршы үн чыгарууда конституциялык укукка ээ эмес» экендигин айтып жактады.

БУУнун билдирген акыркы маалыматтарына караганда өткөн жылы 25 -  августтан бери Мьянмадагы окуялардан качкан 655 миң аракандык мусулман Бангладешке баш калкалаган.

Араканда 1970 -  жылдарда 2 миллионго жакын мусулмандын жашагандыгы болжолдолуп, кол салуулардан улам качуулар менен бул сан 350 миңдин астына түштү.

Бир тараптан эл аралык адам укуктары мекемелери жарыялаган спутник көрүнүштөрүнө караганда аймакта мусулмандарга таандык 350дөн ашуун айыл да өрттөнгөн.



Тектеш кабарлар