Польша өкмөтү Израиль билим берүү министринин сапарына каршы чыкты

Польша өкмөтү Израиль билим берүү министри Нафтали Беннеттин өлкөгө жасай турган сапарына каршы чыкты.

904504
Польша өкмөтү Израиль билим берүү министринин сапарына каршы чыкты

Польша өкмөтү Израиль билим берүү министри Нафтали Беннеттин өлкөгө жасай турган сапарына каршы чыкты.

Израиль билим берүү министри Беннеттин Польшадагы еврей кыргынында польшалыктардын немистер менен бирге кылмыш ортоктугун түздү деген күнөлөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоору тууралуу сөздөрүнө Польша өкмөтүнөн каршылык келди.

Израиль гезити «Едиот Ахроноттун» кабарына караганда Польша өкмөтүнүн катчысы Жоанна Копжинска : «Бенеттин сөздөрүнөн улам сапар ишке ашпашы керек»,- деди.

Израилдин тышкы иштер министрлигинен бул тууралуу маалымат берилген жок. Израиль басма сөзүндө орун алган маалыматтарда Бенеттин шаршемби күнү Польшага сапар менен барары билдирилген болчу. Польшадагы талаш  - тартыштуу мыйзам долбоорун сынга алган маалыматтарды берген Беннетт лидери болгон «Еврейлер үйү» партиясынын жыйынында : «Тарых Польша калкынын еврей кыргынына кошулгандыгын көрсөттү. Айта турган сөз ачык : тарых кайрадан жазыла албай бирок келечекти бирдикте жаза алабыз»,- деген.

Польша сенаты 1 -  февралда еврей кыргынында польшалыктардын немистер менен бирге кылмыш ортогу деген күнөлөөнү тыюу салган мыйзам долбоорун бекиткен болчу.

 



Тектеш кабарлар