АКШнын учагы Тынч Океанга кулап түштү

АКШ флоту, 11 кишини салып бараткан жүк ташуучу учагынын «USS Рональд Рейган» учак конуучу кемесине багыт алганда Тынч океанда кулап түшкөнүн жарыялады.

852614
АКШнын учагы Тынч Океанга кулап түштү

АКШ флоту, 11 кишини салып бараткан жүк ташуучу учагынын «USS Рональд Рейган» учак конуучу кемесине багыт алганда Тынч океанда кулап түшкөнүн жарыялады.

Японияга жайгашкан 7-Флоттун маалымдаганына караганда «Рональд Рейган» кемесинен издөө-куткаруу иш-аракеттери баштатылганы белгиленди.

Анда Япония убактысы боюнча саат 2:45те Окинава аралынын түштүк-чыгышында болгону белгиленген кырсык убагында учак конуучу кемесинин Филиппин деңизинде кызмат өтөгөнү жарыяланды.

АКШ флоту окуянын себебинин азырынча белгисиз экенин билдирди.

АКШ армиясынын Батыш Тынч океанда олуттуу санда аскерлери бар. Япония жана Түштүк Кореяда он миңдеген Америка аскери жайгаштырылган.

«USS Рональд Рейган» учак конуучу кемеси, өткөн аптада Япония жана Түштүк Корея флоту менен биргелешкен аскердик машыгуу үчүн аймакка жөнөтүлгөн 3 учак конуучу кемесинен бирөө...

Машыгуу ядролук жана баллистикалык ракета программасынын себебинен Түндүк Корея жана АКШнын ортосунда абдан орчундуу чыңалуу болуп жаткан учурда өттү.

7-Флот быйыл Азия деңиздеринде бардыгы 17 аскер каза болгон 2 чоң кырсыкка да күбө болгон.

Августта «USS Джон Маккейн» учак конуучу кемеси Сингапурга жакын жерде мунай зат ташуучу танкер менен кагылыша кетип, 10 деңизчи каза болгон.

Июнда болсо «USS Fitzgerald» учак конуучу кемесинин бир жүк ташуучу кеме менен кагылышуусунан 7 америкалык деңизчи курман болгон.

Кырсыктардан кийин 7-Флоттун командири менен катар 8 жогорку деңгээлдеги аскер кызматкери кызматтан алынган.



Тектеш кабарлар