ИКАБ аэропортторду жана чек ара капкаларын Борбордук башкарууга өткөрүп бериши керек

Ирактын Премьер-министрлик басма сөз кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Ибади, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

835476
ИКАБ аэропортторду жана чек ара капкаларын Борбордук башкарууга өткөрүп бериши керек

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) көзөмөлүндө турган аэропортторду жана чек ара капкаларын Борбордук башкарууга өткөрүп бериши керектигин айтты.

Ирактын Премьер-министрлик маалымат кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Ибади, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Анда, террор уюму ДЕАШтын акыркы чеби Энбарга караштуу Каимини куткаруу операциясы, Борбордук башкаруу күчтөрүнүн Керкүк жана берки аймактарда кайрадан жайгашуусу жана коопсуздук менен саясий абалдар каралды.

Ибади: «Алдыңкы планыбыз дагы деле ДЕАШ менен күрөшүү. ДЕАШты жакында жеңип күрөшүбүздү бүтүрүүнү каалайбыз»,-деди.

Борбордук өкмөттүн өлкөнүн бардык жеринде конституцияны ишке ашыра турганын баса белгилеген Ибади: «ИКАБ, аэропортторду жана чек ара капкаларын Борбордук башкарууга өткөрүп бериши керек. Федералдык башкаруу күчтөрүнүн кайрадан жайгаштырылышы жана бийлигинин камсыздалышы конституцияга ылайыктуу. Ал аймактарда атуулдардын коопсуздугуна да маани беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар